ЖЫЛНААМА, 31-МАЙ: Кыргыз өлкөсүндөгү эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны чыккан

Мындан 16 жыл мурда дал ушул күнү (2002-жылы, 31-майда) “Супер-Инфо” гезитинин алгачкы саны чыгып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган. Гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган.

Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, Кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун берүүгө өткөн.
2005-жылдан тарта Кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жана маданиятындагы инсандардын башын бириктирип, арасынан жыл мыктыларын тандап концерт өткөрө баштаган.

2006-жылы гезиттин сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдыңкы үчилтигинде.

2007-жылы гезит "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылып келе жатканында. 2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" бүгүнкү күнгө чейин татыктуу багынтып келе жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кыргыздын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдыңкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан.
Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "ММКларды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.
31-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azimova90
2018-05-31 13:44:01
Туулган күнүңөр менен,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан