Канат Исаевдин соту жылдырылды

Бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралып, ал акыркы сөзүн айтмак. Бирок аны менен бирге айыпталып жаткандардын бири келбей калганына байланыштуу сот отуруму 7-июнга саат 14:00гө жылдырылды.

Буга чейин 24-майда болгон соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтууга даяр эмес экендигин айтышып, сот отуруму 31-майда саат 9:30да улана турган болгон.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-05-31 10:47:22
Келбей коюу,ооруп калуу именно сот куну,бизде хит болуп кетти го.Уурдап атканда ошентип ооруп уурдай албай калышса жакшы болмок!
+1
Tokmokchu-1
2018-05-31 12:08:05
Бул сот системасында онокотко айланды... Анан дагы Жээнбеков сот системасын реформалайм деп коет. Бир соттук териштируу ушуга окшогон болбогон шылтоолор менен 3-5 жыл созулса, анда сот реформасынан эмне кутууго болот?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан