ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди" дейт окурман

Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди. Мындай билдирүүнү бүгүн, 31-майда окурман "Элдик кабарга" жөнөтүп, видеосу менен бөлүштү.

Анын айтымында, мындай көрүнүш Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Унаадагы айдоочу инспекторду Бөкөнбаев көчөсү менен Манас кең көчөсүнөн тартып Турусбеков көчөсүнө чейин түртүп келген.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери да абдан өжөр экен. Унааны аял башкарып бара жатыптыр. Инспекторду коркпой эле түртүп келип жол четине токтоду. Унаадан түшкөн жок, өзүнүн айтымында, жолдошу чоң кызматта иштейт экен", - деп жазды окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкекте жол тандабастын айдоочусу инспекторду 300 метрдей түртүп келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
interpol
2018-05-31 13:08:27
Жолдошу чоң кызматта ишиеген, ойношу чоң кызматта иштеген, атасы чоң кызматта иштеген не силерге закон жокбу, мыйзам баарына бирдей болууга тийиш, силер күйгүздүңөр чиренип. Дагын бир чоң курсак корупсиянердин жакыныда
+23
Tokmokchu-1
2018-05-31 13:08:29
Капотко жабышуу модабы эмне?!! Же ГАИшниктердин инструкциясында капотко жабышкыла деген жери барбы?!! Ошону ГАИнин жетекчилеринен тактап бергилечи СуперИнфо.

Эгер мыйзамга баш ийбесе, токтобрсо, донголокко атпайбы, донголокко?!! Куйоосу Сокенин бажасы болсо да...
+22
kechirmeni
2018-05-31 13:12:47
Кимдин эмнеси болсо катуу чара коруш керек, оздорунун кадыр баркына колоко тушурбой
+12
suyor
2018-05-31 16:03:40
Коррупционер гаилерди ушундай кылыш керек
0
jbolotov
2018-05-31 16:58:25
Жакшы кылыптырда, жонокой элди коркуткан инспекторду бироо коркутуптурда ))
+1
Ermekbai
2018-06-01 01:11:38
Гаишник молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан