"3,3 гектар жер боюнча макулдашууну артык кылабыз деп тыртык кылып алдык" дейт шаардык кеңештин депутаты Мүзүралиев

"Шашылыш түрдө кароого коюлган 3,3 гектар жер боюнча маселени төрага артык кылам деп тыртык кылып алды", - деген пикирин бүгүн, 31-майда шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев айтты.

"Кечээ "Кыргыздипсервистин" кызматкери депутаттарга туура эмес билдирүү таратып алды - бул бир. Экинчиден, төраганын бул маселени шашылыш кабыл алганы болду. Анын эртерээк чечим кабыл алуу керек деп койгон маселеси колдоо таппай, башкача айтканда, артык кылам деп тыртык кылып алдык. Мындан улам бүгүн министр Эрлан Абдылдаев жана "Кыргыздипсервистин" директору келип кетти", - деди Мүзүралиев.

"Кытай мамлекети бизге 49 жылга Пекин шаарынын борбордук бөлүгүнөн 25 сотых жер бергени жатат. Муну менен биринчиден, ижара акысын төлөө маселеси токтотулат. Андан тышкары Кытай тарап бизге өздөрүнүн акчасы менен элчиликтин эки-үч кабаттуу имаратын салып беришет. Анын жанына кошо эле 5 кабаттуу мейманкана салынганы турат. Бул мейманкана бизден барган ар кандай делегациялар жата турганга жана элчиликте иштеп жаткан кызматкерлер үчүн акысыз жашаганга ылайыкташат.

Ошонун негизинде биз бүгүн кайра мыйзамды сактап, күн тартибинде кайра карадык. Негизи 3,3 гектар жер менен 25 сотых жерди салыштыруу болбойт. Биз тараптан деле гектар жер суроо болгон жок. Бирок алардан гектар жер алганда алардын борбордук бөлүгүнөн андай көлөмдөгү жер чыкпайт. Андай жер шаардын четинен табылышы мүмкүн. Анан дагы биздеги жер тилкелердин баасы менен алардагы жер тилкелердин баасын салыштыруу мүмкүн эмес болгондугунда", - деди шаардык кеңештин депутаты.

Эске салсак, бул келишим 30-майда Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттар аны колдогон эмес эле. Бирок кароо кайрадан бүгүн, 31-майда уланып, жыйынга катышкан 25 депутат тең долбоорду кабыл алууга "макул" деп добуш берди.

Бишкек шаардык кеңеши Кытай менен жер алмашуу долбоорун колдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
baiazat
2018-05-31 16:53:39
Канча акча алдынар тышкы иштер министирден ошонуле айтып койбопсунар
+20
Alixan-Nookat.2015
2018-05-31 17:12:29
Алардын жер тилкелеринин баасы менен биздин жер тилкенин баасын салыштыруу болбойт дейт эшек мээ, баа коюу биздин колдо силер арзыбаган акча үчүн жер сатып баркын кетире бергиле. Кыргыз элим эмне болуп жатабыз акыркы күндөрү чондор апасын сатат акча үчүн. Кытай мин кабат мейменкана салып берседа ал жер кийин келечекте өздөрүнө калат ал эми биз берген 3 гектар жерге 10 мин Кытай келип үй салат, бул деген кыргыз элинин жок болуп кетүү коркунучунан бир кабар.
+17
Dalil
2018-05-31 17:27:05
Бизден барган делегаттар жатканы дейби? Биздин чоң курсактар өзүнүн бизнесин өнүктүрүү же жөн гана шаар айланып көрүп келгени да делегат болуп бара беришет. Түштүк Кореяга барган делегаттарды Кылычбек Султан ачык айтып коюп канча ызы-чуу болушту. Элчинин айыбы болгондо жумуш ордунан учура коймок. Калып кеттиго унутулуп. Бул мейманкана да өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн курулуп жатат.
+10
tina-Tin
2018-05-31 17:27:47
Уяты жокторго соз дагы жок болуп калды. Аллах берсин жазасын.
+12
BarsBaatyr
2018-05-31 17:50:28
Оңбой калгыла силер!!!
+11
daiyrbek01
2018-05-31 18:05:09
Чын эле олуктор отурупсунарда кечоо жрк десенер бугун оба десенер олуктон айырманар кайсы
+7
senchi
2018-05-31 18:24:09
Алаага тапшырдым силерди элдин назарынан калбагыла
+5
senchi
2018-05-31 18:26:18
Орозонун кунундо элди алдаганынар учун эки дуйно тен наразы силерге
+5
aiba-889290
2018-05-31 18:35:28
Кобуроок акча коргозсо,ХХХХХХХХ
+7
nazarKGZ
2018-05-31 19:23:38
жон отурсак озубуз да кул болобуз
+2
maramak
2018-05-31 19:29:44
Кытай кварталы курууну баштаптыр, мындай кварталдар дуйнонун коп шаарларында бар, бизде мыйзам кабыл алынган жакында эле чет элдик жаран инвестициясы менен келсе кыймылсыз мулк сатып алууга укугу бар,демек баары мыйзамдуу,кытай кварталын жакында коруп калабыз
+2
Arlenchik
2018-05-31 20:27:12
Мээн мн жерге кир келесоо, наоборот биздин жер мн кытайындын жерин салыштырып болбойт, кыргызстандай жер барбы?! мээн болсо, алардын экономикасы жогору болсоле биздин жерден кымбат туруп калабы?! ХХХХХХХХХХ 49жылга сотыхда жер бербегиле, силердей душмандардын мамлекетке кереги жок, ордунарды бошотуп жок болгула!
+3
balakai-1997
2018-05-31 20:35:16
Ойгон кыргыз элим, элдин акчасын жеп,элди болушунча талап тоноп жерин кытайга сатып жаткан акмактардан кутулбасак,эртенки келечек муундар биздин балдарыбыз кул болушатко кытайга. Кытай кыргыздын эзелки душманы, канчалаган баатырлардын башын жеген. Эртенки келечек учун эгемендуу КЫРГЫЗСТАНды сактап калуу учун азыртан курошпосок бийлик тоболдору сырттан жоо келсе элин таштап качып кетет.
+4
Jigito
2018-06-01 00:26:31
Эх Кытайга жерин саткан кыргыз,
3 гектар 25 сотик алып жаткан кыргыз,
Сенин кандай акын бар кыргыздын жерин сатканга,
Ансыз деле алакандай жерибиз тарып жатканда,

Карапайым кыргыз калкка 25 сотиктин пайдасы тийбейт,
Жалан жеп жутарлар элди алдагандар барып эс алып келет,
3 гектарга 3000 мин кытай агып келет,
Ал жерде кытай эли туболук калып кетет,

Чиновниктер жеп жутарлар тойбогурлар
элди алдасын,
Сооронбай Жеенбеков сен
+3
Han1111
2018-06-01 02:52:23
Саткындар!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан