Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасына Бишкектен 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдоду. Мындай макулдашуу шаардык кеңештин депутаттарынын 23 добушуна ээ болсо колдоо тапмак. 31-майда келишимге 25 депутат "макул" деген добушун берди.
Жыйында "Кыргыздипсервис" мекемесинин жетекчиси Мирлан Арстанбеков сөз сүйлөп, бул келишим Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн түзүлгөнүн белгиледи.
"Кечээ жыйынга өзүм келишим керек эле. Бирок Жогорку Кеңеште дагы бул тууралуу жыйын болгондуктан, бул жакка орун басарым келген. Мындан улам түшүнбөстүктөр орун алды. Бирок өзүм келип иштин максаттуулугун айтып бердим. Эл өкүлдөрүнө рахмат. 25 добуш менен долбоор жактырылды. Эми алдыда ишти аткаруу гана калды", - деди Арстанбеков.
Эске салсак, кечээ, 30-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кытайга Бишкектен 3,3 гектар жер берип, анын ордуна Пекинде Кыргыз элчилиги жайгашкан 25 сотых жерге ээ болуп, Кытай тараптын каржылоосунда өкүлчүлүктүн имаратын куруу келишимин караган. Келишимге 19 депатут "макул" болуп, калган депутаттар шашылыш чечим кабыл ала албай тургандыктарын айтып, долбоорду колдошкон эмес. Жыйынга "Кыргыздипсервис" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Айнура Дубанаева катышып, эки тарап тең буга чейин ээлеген жер тилкелерине ижара акысын төлөп жатканын билдирген.
Бүгүн аталган макулдашуу шаардык кеңеште кайрадан каралып, депутат Рысбай Аматов долбоор колдоо тапса 2 тарап тең ижара төлөөдөн бошотуларын айткан. Айта кетсек, Кытай тарап элчилиги жайгашкан жерге ижара иретинде жылына 723 миң сом төлөп турат. Ал эми Кыргыз өлкөсү 2004-жылдан бери Кытайга 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөн.