Депутат Айсулуу Мамашова: "Учурда чынында эле коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө"

Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.

SUPER.KG порталынын "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деген соболуна депутат Айсулуу Мамашова төмөнкүдөй жооп берди. Ал учурда болуп жаткан коррупцияга каршы күрөштү саясатташтырбоо керек дейт.

"Коррупцияга каршы күрөштү эмне үчүн саясатташтырып жатышат, билбейм. Менин оюмча, бул чынында эле коррупцияга каршы күрөш болуп жатат. Бул күрөш тандалма негизде жүрбөй жатканына толугу менен ишенем. Эгер ЖЭБде авария болбогондо бул иштер ачылмак эмес, ошол бойдон калып калмак. Бул маселени аягына чейин жеткирбесе, эл кечирбейт. Азыр кылмыш иши козголгон адамдар кечээ эле кызматта тургандар. Факт бар", - деди Мамашова.

Депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Зиядин Жамалдинов, Максат Сабиров жана Алиярбек Абжалиевдердин пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан