КҮНСОБОЛ: Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деп собол салды.

МАМАШОВА: "Учурда чынында эле коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө"

Депутат Айсулуу Мамашова учурда болуп жаткан коррупцияга каршы күрөштү саясатташтырбоо керек дейт.

"Коррупцияга каршы күрөштү эмне үчүн саясатташтырып жатышат, билбейм. Менин оюмча, бул чынында эле коррупцияга каршы күрөш болуп жатат. Бул күрөш тандалма негизде жүрбөй жатканына толугу менен ишенем. Эгер ЖЭБде авария болбогондо бул иштер ачылмак эмес, ошол бойдон калып калмак. Бул маселени аягына чейин жеткирбесе, эл кечирбейт. Азыр кылмыш иши козголгон адамдар кечээ эле кызматта тургандар. Факт бар", - деди Мамашова.

САБИРОВ: "Коррупция менен күрөшөм деп келген бийлик кийин өзү коррупционер болуп калууда"

Депутат Максат Сабировдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөш ар бир президент кеткен сайын эле айтылып келет.

"Ачыгын айтканда, коррупцияга каршы күрөш деп Аскар Акаев кеткенде да айтканбыз. Курманбек Бакиев кеткенде да айтканбыз. Азыр да айтылып жатат. Жакында эле Малайзияда бийликке келген Махатхир Мохамад 5 күндө 200дөй кишини камады. 50 миллиард долларды казынага салдырып койду. Конкреттүү иш-чаралар көрүлмөйүнчө коррупцияга каршы күрөш деп айтылбашы керек. 2-3 кишини камап койгон бул күрөш эмес.

Коррупция кайсы жерде болуп жатканын баарыбыз билебиз. Коррупцияны өйдө жактан эле эмес, ылдый жактан да издешибиз керек. Коррупция менен күрөшүү деген саясий эркти талап кылат экен. Азыркы президенттин, премьер-министрдин, баш прокурордун саясий эрки болсо, бул иштер кайра уланат. Азыркы иштер - коррупцияга каршы күрөш менен саясий тазалануу. Бул иштин башы же аягы болуп калышы мүмкүн. Азыр системдүү коррупция бар. Бийлик алмашкан сайын биринчи коррупция менен күрөшөм деп баштайт. Кийин эле карасаң бийлик өзү коррупционер болуп калат", - деди Сабиров.

АБЖАЛИЕВ: "Азыр саясий чечим болуп эле бирөөнү алып барып камап коюп жаткан жок"

Депутат Алиярбек Абжалиевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөш аягына чыгат.

"Учурда чыныгы коррупцияга каршы иш жүрүп жатат. Парламентте саясий жагы айтылат. Калган ишти күч органдары алып барат. Менин оюмча, фактылар өзү эле көрүнүп турат. Элде "мурункудай айтылат, анан эле калып калат" деген түшүнүк болуп калган. Баары аягына чыгат деп ишенем. Дагы көп нерселер чыгат. Азыр саясий чечим болуп эле бирөөнү алып барып камап коюп жаткан жок. Иш тергелип, анан чечим чыгууда. Бүгүнкү күндө президентибиз Сооронбай Жээнбековдун да, парламенттин да, өкмөттүн да ою, ниети жакшы", - дейт Абжалиев.

ТУРСУНБЕКОВ: "Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иш козгоого негиздерди таап чыгышууда"

Депутат, парламенттин мурунку төрагасы Чыныбай Турсунбеков сот өкүмү чыккандан кийин гана тандалма күрөш болгон же болбогонун айтуу керектигин билдирди.

"Мен, албетте, тазалануу бар деп ойлойм. Бирок ал тазалануу иргебей толук жасалса, маселе жок. Кандайдыр бир кызыкчылыкка байланып калган болсо, анда өзүнүн келечегине балта чапканга барабар. Азыр иш жаңы эле башталды. Мен Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов боюнча материалдарды кызыгып карап чыгып жатам. Албетте, укук коргоо органдары иш козгоого негиздерди таап чыгып жатышат. Бирок ошол негиздердин дареги бизди өзгөчө кызыктырат. Эми күнөөлүүлөр жоопко тартылып жатабы же тандалма жүрүп жатабы, ушул маселе бар. Азыр бир жактуу жооп берип, пикир айтуу туура эмес. Тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл. Мен да азыр кандай аяктаарын карап турам. Кийин гана тандалма болдубу же жокпу айтса болот", - деди Турсунбеков.

ЖАМАЛДИНОВ: "Экс-президенттин кадрларына кылмыш ишинин козголушу жөн гана дал келүү"

Депутат Зиядин Жамалдиновдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөштүн күчөшүндө депутаттардын да салымы бар.

"Коррупция менен күрөшүү президенттин талапкер болгондогу бирден бир багыты болчу. Шайлангандан кийин бул ишти баштады деп айтсак болот. Кудай бизге жол ачып берип койду. Мына ЖЭБ маселеси чыгып, депутаттык комиссия түзүлүп, ал жердеги бардык туура эмес иштерди алып чыкты. Жогорку Кеңештин тарыхында мындай окуя болгон эмес. Көбүнчө депутаттык комиссия аягына чыкчу эмес. Азыр эми депутаттардын сунушу менен буга чейинки курулуштар кайрадан иликтенип чыгып, баалар кымбат коюлганы далилденүүдө.

Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана башка экс-президенттин кадрларына кылмыш ишинин козголушу - бул жөн гана дал келүү. Жакында эле "Ата Мекен" фракциясы музей маселесин көтөрүп чыкты. Ал жерден да Исаковдун аты чыгып жатат. ЖЭБге тийиштүү деп мектепти иликтесе, Кулматовдун ысымы чыгып жатат. Мурдагыдай куугунтук болуп жатат деп айта албайм", - деди Жамалдинов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан