Коррупция менен күрөшүү Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон. Өлкө башчы болуп шайлангандан кийин да бул убадасын эскертип айтып келет. Акыркы мезгилде бир нече аткаминерлерге айып тагылып, кылмыш иши козголду. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов бар.
SUPER.KG порталынын "Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатабы же бул жөн гана саясий күрөшпү?" деген соболуна депутат Максат Сабиров төмөнкүдөй жооп берди. Сабировдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөш ар бир президент кеткен сайын эле айтылып келет.
"Ачыгын айтканда, коррупцияга каршы күрөш деп Аскар Акаев кеткенде да айтканбыз. Курманбек Бакиев кеткенде да айтканбыз. Азыр да айтылып жатат. Жакында эле Малайзияда бийликке келген Махатхир Мохамад 5 күндө 200дөй кишини камады. 50 миллиард долларды казынага салдырып койду. Конкреттүү иш-чаралар көрүлмөйүнчө коррупцияга каршы күрөш деп айтылбашы керек. 2-3 кишини камап койгон бул күрөш эмес.
Коррупция кайсы жерде болуп жатканын баарыбыз билебиз. Коррупцияны өйдө жактан эле эмес, ылдый жактан да издешибиз керек. Коррупция менен күрөшүү деген саясий эркти талап кылат экен. Азыркы президенттин, премьер-министрдин, баш прокурордун саясий эрки болсо, бул иштер кайра уланат. Азыркы иштер - коррупцияга каршы күрөш менен саясий тазалануу. Бул иштин башы же аягы болуп калышы мүмкүн. Азыр системдүү коррупция бар. Бийлик алмашкан сайын биринчи коррупция менен күрөшөм деп баштайт. Кийин эле карасаң бийлик өзү коррупционер болуп калат", - деди Сабиров.
Депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова жана Алиярбек Абжалиевдин пикири бул шилтемеде.