ТИМ: "Пекинде 1 чарчы метр жер тилкесинин базардык баасы 2500-3800 доллар, Бишкекте бир кыйла арзан"

Бишкек шаарында азыркы Кытай элчилиги жайгашкан жер 2003-жылдын 2-октябрында Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде Кытайдын элчилигин куруу үчүн 49 жылга ижарага берилген. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, Кытай тарап 3,3 гектар аймак үчүн ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын бюждетине жылына ижара иретинде 700 миң сомдон ашык акы төлөп келе жатат. Ал эми Пекинде жайгашкан Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги 443 чарчы метр жерди ижарага алып, ал үчүн жылына 90 миң АКШ долларын төлөйт. Бул макулдашуунун негизинде эки тарап тең ижарадан бошотулат.

"443 чарчы метр жер үчүн жылына 90 миң АКШ долларын бюджеттен төлөш биздин мамлекет үчүн деле оор экенин баарыбыз түшүнөбүз да. Ошондуктан, акыркы 4-5 жылда кайра-кайра бул теманы Кыргыз-Кытай эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көтөрүп жатып, акыры Пекин шаарынын борборунан 25 сотых өлчөмүндөгү жер бөлүп берүү тууралуу Кытай тарап менен келишимге жеттик.

Эң башкысы, эч ким эч кимге биротоло жерин берип салган жок, Кытай тарап дагы, Кыргыз тарап дагы. Ар кимдин жери өзүндө калат, анын үстүнө Жер кодекси боюнча жер сатылбайт жана берилбейт. Жер ар бир өлкөнүн өзүндө калат, болгону эки өлкөнүн тең элчиликтеринин имараттары, мисалы, Бишкектеги Кытайдын, Пекиндеги Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараттары гана өздөрүнүн менчиги болуп калат. Эң башкысы жер эч кимге берилген жок, болгону ижарага берилген, ошол жердин ижара акысы гана алып салынат.

Салыштырып көргөндө, Пекин шаарынын борборундагы 1 чарчы метр жер тилкесинин базардык баасы 2500-3800 АКШ долларын түзөт же жалпы аянты 9,5 миллион АКШ долларынын тегерегинде. Ал эми Бишкек шаарында 1 чарчы метр жер тилкесинин баасы салыштырмалуу бир кыйла арзан", - деп айтылат билдирүүдө.

Бардык жагын карап, мамлекет бул чечимде утулбай тургандыгы эсептелип чыгып, мындан улам ушул келишимге токтолгону баса белгиленет ТИМдин маалыматында.

Айта кетсек, кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасынын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
manaas
2018-06-01 18:38:51
чарчы метр жер кытайда кымбатпы арзанбы бизди кызыктырбайт, кытайга деле 25сотых жер берип коюш керек эле, булар ото балит эл болот итпи жыланбы жей берет
+4
Isco22
2018-06-01 19:15:18
Не кылсанар ошо кылгылачы. Уже надоел.
+2
Bars88
2018-06-02 08:54:25
Анда айылда жер арзан деп бир районду берип салгыла
+1
cyrus
2018-06-02 14:18:22
Кытайдын саясаты чекаралаш мамлекеттерди согушсуз басып алуу. Эртен калын кытай каптап калганда кеч болот. Козунорду чоон ачкыла Урматтуу чиновниктер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан