Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон кыздын окуясына байланыштуу иликтөө иштерин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарланды.
Мекеменин билдиришинче, кылмыш иши катталгандан бери эле иликтөө министрдин жеке көзөмөлүнө алынган.
"Бул иш боюнча биз кызматтык иликтөө жүргүзүп, окуя кандай болгонун гана аныктай алабыз. Ал эми милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин биздин үстүбүздөн Башкы прокуратура же УКМК карап, укуктук баа берет", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, 27-май күнү түндө 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен.
Бул иш боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон.