КҮНСЕРЕП: Милицияда бычакталган кыз боюнча бийлик төбөлдөрү "өрттөн кийин" ойгонду

Бүгүн, 4-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Күтүлгөндөй эле экс-чиновник Аскарбек Шадиев 2 суткада кармалган жок. УКМК "АКШга учуп кетти" деген Шадиевге издөө жарыяланды. Убагында кримавторитет Азиз Батукаев, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Финансы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков өӊдүүлөргө да издөө жарыяланып, майнап чыккан эмес. Андыктан бул жолу Шадиевдин деле кармалышы күмөн.

Ал эми коомчулукка "Шадиев качып кетти" деген пикирдин активдүү жайылтылып жатышы, шек саноону күчөтүүдө. Анткени Шадиев качты деген маалымат элге УКМК тараткан билдирүү аркылуу жетти. Бирок анын чын эле качып кеткенин тастыктоочу далил көрсөтүлө элек. Эгерде качканы чын болсо, анда УКМК анын авиабилетинин сүрөтүн же аэропорттон каттоодон өткөнүн ырастаган далилдерди эбак жарыялап чыгышы керек эле. Текебаевдин ишин тергөөдө 7 жыл мурунку документтерди таап чыгып, жарыялаган УКМКга Шадиевдин качып кеткенин далилдөө кыйынчылык туудурмак эмес. Андыктан элде Шадиев жаап-жашырынып УКМК атаган маршрут боюнча эмес, Америкага кадимки жүргүнчү катары учуп кеткен болушу мүмкүн деген күмөн ой калууда.

УКМК Шадиев Тажикстандан саат 18:20да учуп кеткенин маалымдап, ага да далил келтирген жок. Буга чейин УКМК Шадиев Кыргыз-Тажик чек арасын мыйзамсыз, дарыя аркылуу кесип өтүп, андан ары Хожент-Москва, Москва-Нью-Йорк аба каттамы аркылуу АКШга чыгып кетти деп билдирген. Азырынча куру сөз гана...

Мындан 2 апта мурун М.Бөдөшев аттуу жигит Бурулай Турдали кызын ала качып баратып кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде жигит кызга, андан кийин өзүнө бычак сайып, кыз ооруканадан көз жумган. Коомчулук бул окуяга бийликтен жетиштүү көӊүл бурулбай жатканын айтып коӊгуроо кагууда. Мисалы, Нурсултан Акылбек аттуу интернет колдонуучу мамлекеттик имараттын ичинде жаш кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү Кыргыз милициясынын бүгүнкү жүзүн көрсөтөрүн, ал эми өкмөт бул окуяны көӊүл сыртында калтырып, кызмат бөлүштүрүү менен алек болуп жатканын сынга алды.

Негизи бул окуяга Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгү биринчилерден болуп реакция кылды. Уюм 31-майда атайын билдирүү жасап, өлкө бийлигин кыз ала качуу, мажбурлап никеге тургузуу өӊдүү көрүнүштөрдү токтотууга, адам укуктарын коргоо жаатында эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырды. БУУнун маалыматы боюнча, Кыргыз жеринде 24 жашка чейинки кыздардын дээрлик 24 пайызы күйөөгө мажбурлоо жолу менен тиет. Ушул факторлор таасир эттиби, айтор, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алууда президент Сооронбай Жээнбеков Бурулай Турдали кызынын окуясына атайын токтолду. Жээнбеков бул каргаша милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынын кесепети экенин, күнөөлүүлөрдүн баары кызматтан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин эскертти. Абылгазиев бул окуя болгон күнү эле өкмөттө атайын жыйын өткөргөнүн айтат. Бирок ал жыйын тууралуу элге маалымат берилген эмес, бул маселе боюнча Абылгазиевдин жыйыны бүгүн, ал президентке жолугуп чыккандан кийин өттү. Анда өкмөт жетекчиси аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөтүү жаатында кылмыш иштери биринчи кезекте каралышы керектигин билдирип, өлкөдө кыз ала качуу көрүнүшү токтотулушу керектигин эскертти.

Өлкөдө кыз ала качууга каршы атайын мыйзам кабыл алууну сунуштагандар дагы болууда. Учурда кыз ала качууга жоопкерчилик каралган. Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинде никеге туруу үчүн аялды ала качкан адам 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылары жазылуу. Бирок кыз ала качканы үчүн соттолуп кеткендер жокко эсе экенин эске алганда, кеп мыйзамдын жоктугунда эмес, анын иштебей жатышында...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан