"#Бурулайбиздикечир..." хэштеги менен интернет колдонуучулар милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын өлүмүнө бийлик көңүл бурбай жатканын билдиришүүдө

27-май күнү 30 жаштагы Марс Бөдөшев 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатып, Жайыл РИИБи тарабынан кармалган. Андан соң милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден жигит кызга, андан кийин өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага түшкөн. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Бул окуяга байланыштуу коомчулук милиция кызматкерлеринин жумушуна болгон шалаакылыгына нааразычылыгын билдиришүүдө. Анткени Жайыл районундагы кылмыш ишинин келип чыгышына алардын күнөөсү бар дешет алар. Учурда социалдык тармактын колдонуучулары кыз ала качууга жана укук коргоо органдарынын жоопкерчиликсиздигине ачууланган билдирүүлөрдү жазышууда. Ошондой эле колдонуучулар бул окуяга бийликтин көңүл бурбаганына нааразы экенин жазышууда.

Алсак, Нурсултан Акылбек аттуу Facebook тармагынын колдонуучусу өзүнүн баракчасы аркылуу “Кечир бизди, Бурулай” деген темада кайрылуу кат жарыялаган. Анын билдирүүсүн 500дөн ашык колдонуучу бөлүшүп, көптөгөн нааразычылык пикирлер жазылган.

Нурсултан Акылбек: "Мамлекеттик имараттын ичинде жаш кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүнөн улам биздин милициянын кесипкөйлүгүнүн өтө эле төмөн экендигине күбө болдук.

Өткөн аптада биздин өлкө бүткүл дүйнөгө жаш сулуу кыздын жөн гана уурдалышы менен эмес, уурдалган кыздын укугун коргоого милдетүү болгон мекеменин ичинде өлтүрүлгөндүгү менен “даңкталды”.

Адам өмүрүнүн баалуулугун эки мисал менен салыштырып көрөлү. Грузияда өлтүрүлгөн жаш өспүрүмдүн атасы прокурорлордон уулун өлтүргөндөрдү табууну талап кылды жана коомду бул талапка тилектеш болууга чакырды. Мындан улам чоң шаарларда миңдеген адамдардын катышуусу менен нааразычылык митингдери болуп өттү. Чогулгандар башкы прокурордун жана премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Бизде болсо өлтүрүлгөн жаш кыздын окуясына ири эл аралык уюмдар менен жергиликтүү маалымат каражаттары реакция жасаганына карабай бийлик башындагылар үн катпай турушат.

Болгону алар 15 милиция кызматкерине чара көрүлөрүн же жумуштан алынарын билдиришкен".

Алгач моюндоо керек, кыз ала качуу – бул жапайычылык. Ал эми буга байланыштуу мыкаачылык менен киши өлтүрүү – өтө оор кылмыш.

Чукул чара көрүлүшү керек. Балким иштеп жаткан мыйзамды күчөтүп, аны кыздардын укуктарын чынында коргой турган, “Бурулай мыйзамы” деп атап, кыз ала качкандарды катуу жазага тартуу туура".

Жаңы дайындалган өкмөт баарыбыз көрүп тургандай кызмат орундарды алмаштыруу менен гана алек болууда. Сиздерге бул кыздын өлүмү өкүнүчтүү эмеспи?" - деген ал өзүнүн кайрылуусунда.

Мындан тышкары көптөгөн колдонуучулар Бурулайды өлүмгө алып келген маселеге жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы үчүн #Бурулайбиздикечир хэштеги менен андан кечирим суроону улантышууда.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ruslan4458
2018-06-04 12:34:26
Биздин полицияга закон жок же иштен алат же согуш берет бутту
+2
Nurkyz1977
2018-06-04 12:41:46
Албетте ото окунучтуу окуя болду,баланы жоготуу ата эне учун орду толгуз туболук кайгы байкуш ата эне омурун мун зар менен откорот. Баланын ата энесине да кыйын болду алар деле туруулой ажырап ар кимден ар кандай ызаалуу соз угуп тируунун олугуно айланышат. Баланын мындан аркы жашоосу бул дуйнонун тозогуна айланат кан кантип тынч жашоо берсин. Шайтанга азгырылып озуно жана онголорго азап берди. АЛЛАХЫМ адашкандан сактап туура жолуна салагор,баардык мусулман пенделерине бактылуу жашоону насип эт!
+8
bond02
2018-06-04 12:43:43
Милицияны туп орду менен жок кылыш керек, эн начар иштейт бизде.
0
pat12
2018-06-04 13:04:25
Жапайчылык карангылык замандан кутулуу керек.
+1
i1urp
2018-06-04 13:06:01
Жараткан Тенирибиз ушундай жаман иштерден озу сактасын.
+2
Muratmipa
2018-06-04 13:08:38
Кундордун биринде чеке айылда айланып жургон шайтан бир нерсени коруп токтоп калды. Алыста бир келин торпогун байлап коюп уй саап олтурган экен. Торпок энесин эмгиси келип тартылып атыптыр. Шайтан акырын барып, торпоктун жибин бираз бошотуп койду, торпок тартылып жиби чечилип чуркаган бойдон энесине шашты. Уй саап олтурган келинди туртуп эмип баштаганда, чакадагы сут тогулуп жер менен бир болду. Келиндин жини келип , наракта турган таяк менен торпокту урду, торпок жерге жыгылды, уй баласына боор
+2
Muratmipa
2018-06-04 13:10:23
Ошон учун сабр кылышыбыз керек шайтан айтты ала качсан эле сеники болот деп а бирок аягы кандай окунуччтуу болуп аяктады
0
sabirdinovich
2018-06-04 13:22:00
Кызды өлтүргөн таластык бала жазаланыш керек
+2
dina
2018-06-04 14:30:57
sabirdinovich, озун да бычактап оорукана депатты элего
0
Sahka
2018-06-04 15:18:13
Милиция дегенге да тилин барбайт, буларга акча болсо болду калганы кызыксыз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан