Кытайга жер 2003-жылы Бишкек мэриясы тарабынан берилген. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.
Сыдыковдун белгилешинче, 2003-жылы Бишкек мэриясы кол койгон документке ылайык Кытай элчилиги Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы 3 гектар жерди ижарага алган, учурда колдонууда.
"Кытайдагы элчилигибиз ачылгандан бери иштеген жерлерине ижара акы төлөп келишет. Ушундан улам биздин Тышкы иштер министрлиги Кытай менен сүйлөшүп, бизге да 25 сотых жерди 49 жылга ижарага берүүсүн сурап, жерди ала турган болуп макулдашылган", - деди Сыдыков.
Президенттин Кытайга боло турган иш сапарында жер боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюулуусу күтүлүүдө. Ошондой эле жерди ижарага берүү боюнча келишимге "президенттин Кытайга болгон иш сапарынын астында кол коюлушу керек" деген тапшырма болбогонун баса белгиледи Сыдыков.