Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков өзүнүн орун басарынын кармалышы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.
"Мен азыр бул маселе боюнча кандайдыр бир маалымат айта албайм, учурда ал иш боюнча териштирүүлөр жүрүүдө", - деди Оңолбеков.
Айта кетсек, бүгүн, 5-июнда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев Бажы кызматынын жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.
Буга чейин "Түндүк" темир жол бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыгарылган.