Биз социалдык тармакта

Бишкекте өткөн кыз ала качууга каршы флешмобдон фоторепортаж

Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Биз, жаштар, ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" флешмобу өттү. Уюштуруучулар бул иш-чара ала качып бара жаткан жигиттин колунан бычакталып көз жумган Бурулайдын элесине арнала турганын айтышты.

Флешмобду Билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги жана "Enactus" жаштар уюму уюштурду. Флешмобго 500дөн ашуун студент катышты. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Айсулуу Мамашева, акыйкатчы Кубат Оторбаев келип, өз пикирлерин айтышты.

Иш-чаранын алкагында концерт өтүп, эстрада жылдыздары жана чыгармачыл топтор ырдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан