Футзал боюнча улуттук кураманын жана "Алай" клубунун чабуулчусу Максат Алимов 1 айлык кызмат өтөөгө аскерге кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу Балыкчы шаарындагы Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн курамына кирген аскердик бөлүктө аскердик милдетин аткарууда.
Айта кетсек, Максат Алимов "Алай" футболдук клубу менен өткөн сезондо Топ-Лиганын чемпиону аталган. "EREM" футзал клубу менен да өлкө чемпиону болушкан. Ошондой эле чабуулчу футзал боюнча "мыкты оюнчу", "мыкты чабуулчу" наамдарынын ээси.
Максат Алимов 1990-жылы 3-августта төрөлгөн.