Депутат Алтыбаева кыз ала качууга каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү талап кылды

Жайыл РИИБинде 29 жаштагы жигиттин колунан каза болгон 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттары ала качууга катуу чара көрүү боюнча маселе көтөрүштү. Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева кыз ала качуу мыйзамга каршы келе турганы боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрбөй жатканына нааразы болду. Эл өкүлү мыйзам кабыл алынганы менен ар дайым түшүндүрүү иштери жүрүп туруусу керектигин талап кылды.

"Биздин жаш кызыбыз ала качып кетип бараткан жеринен милицияга кайрылып, бирок милиция бөлүмүндө туруп каза болушу чоң трагедия болду. Кыз ала качкандарды 10 жылга чейин камоо боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Бирок ар дайым түшүндүрүү иштери жүрүп турушу керек да. Азыр мектепти, жогорку окуу жайды аяктаган кыздарды ала качуу күчөйт. Ошондуктан өкмөт күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек", - деп талап кылды Алтыбаева.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милициянын бөлүмүндө жигит алгач кызга, кийин өзүнө бир нече жолу бычак сайган. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2018-06-07 11:23:56
Болду токтолу. Азыр жашоо башка. Элдин психологиясы да башка. Тоодон тушолук, токойдон чыгалык, аска зоолордо текелерге окшоп журо бербей. Ала качуу кылмыш. Конулу жокту кыйнап жаша дегендин озу жакшы эмес.
+2
zhaku2017
2018-06-07 11:37:00
Уй булоо урдоо, ала качуу аркылуу тузулбош керек. Уй булоо бирин бири жактыруу, бирин бири суйуу, тушунуу аркылуу тузулсо ошондо ошол уй буйло бактылуу болот. Анан кызды малга окшоп уурдап кетпей.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан