КҮНСЕРЕП: Кытайга 3 гектар жер берүү: Ажону элдин чуусу чочуттубу?

Бүгүн, 8-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы сапарында Кыргыз-Кытай элчиликтери үчүн жер алмашуу келишимине кол коюлган жок. Себебин Тышкы иштер министрлиги "процедуралык иштер бүтпөй калды" деп түшүндүрдү.

Өткөн аптада Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары Кытайдын Бишкектеги элчилигин ал жайгашкан 3,3 гектар жер боюнча 49 жылга ижарадан бошотуу боюнча өкмөттүн чечимин колдоого алган. Маселе ажонун Кытайга сапары алдында шашылыш каралды. Адегенде депутаттар бул шашпай карай турган маселе экенин айтып колдобой коюшуп, эртеси кайра карап колдоп беришти. Ага ылайык, өлкөдөгү Кытай элчилиги, Пекиндеги Кыргыз элчилиги жайгашкан жери үчүн ижара акы төлөөдөн 49 жылга кутулат. Ал эми Кытай Пекинден 25 сотых жер бөлүп, өз акчасына Кыргыз элчилигине имарат куруп бермек. Келишимге президент Жээнбековдун Кытайдагы расмий иш сапарында кол коюлары күтүлүп жаткан эле. Расмий маалыматка таянсак, учурда Бишкектеги Кытай элчилиги ээлеген жери үчүн жылына 723 миӊ сом төлөөдө. Ал эми Кытайдагы Кыргыз элчилиги 13 жылда 3 миллион 3 миӊ 55 доллар төлөгөн же 1 жылга 231 миӊ доллардан төлөөдө.

Үзөӊгү-Кууш, Каркыра окуяларында сүткө оозу күйүп калган Кыргыз коомчулугу элчиликтерди ижара акы төлөөдөн бошотуу аракетин заматта "жер сатууга" айлантып жибере жаздады. Эксперттер бул окуяны азыркы бийликке каршы, тескери нукка бурууга кызыкдар күчтөр бар деп жатышат. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул ишти дипломаттар элге туура түшүндүрүп бере алган жок деген пикирде. Айрым саясатчылар, депутаттар да бул окуядан трагедия издөө туура эместигин айтып, ТИМдин түшүндүрмөсүнө ынанып турушат.

Бир чети эл аралык документтер Жээнбековдун иш сапары алдында шашылыш каралып жатканы көӊүлдү бурат. 2017-жылы да Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга баруучу сапарына 1 күн калганда Жогорку Кеӊештин комитети Өзбекстандан алынган 4 пансионатты кайра кайтарып берүү боюнча өкмөттүн чечимин шашылыш карап, колдоп берген. Эмне болгон пансионаттар? 2016-жылы Темир Сариевдин өкмөтү Ысык-Көлдө Өзбекстан колдонуп жүргөн 4 пансионат Кыргыз тарапка өттү деп жарыялаган. Өкмөт бул аракетин "тийиштүү документке ылайык, СССР жоюлганга чейин колдонулуп келген объекттер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтүшү керек" деп түшүндүрдү. Бир жылдан кийин өкмөт Өзбекстан Кыргызды эл аралык сотко бергенин, пансионаттарды кайтарып бербесек болбойт деп чыкты. Эртеӊ Жээнбековдун Ташкентке сапары деген күнү Өзбекстанга 4 пансионатты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө мыйзам долбоору комитеттин кароосуна киргизилген. Бирок өкмөт айткан убактылуу мөөнөт канча жыл экени элге ачык айтылган жок. Элди Өзбекстан пансионаттарды 4 жылдыздуу мейманкана деӊгээлине жеткирүү милдетин алды деп сооротушту. Ал эми 10 жыл мурун Ысык-Көлдүн жээгинен 4 пансионатты жери менен кошо 49 жылга ижарага алган Казакстан 4 жылдыздуу отель куруу убадасын аткара элек.

Элчиликтердин жерине кайтсак. Чын эле ички жол-жоболор бүтпөй калганы үчүн келишимге кол коюлбай калдыбы же президент Жээнбеков коомдук пикирди байкап, тактысын биротоло бекемдеп алганга чейин элдин маанайы менен "ойнобой" турууну чечтиби?..

Үстүнөн иш козголгон экс-чиновник Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн "качып" кетиши чиновниктерге коомдук көзөмөлдү күчөттү. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеӊешчиси Икрамжан Илмияновдун ажылык сапарга кеткени талкууга түшкөн. Учурда ИИМ жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаровдун чет жерге чыгып кеткени талкууда.

Адегенде, интернетке анын Кыргыз-Казак чек арасын кесип өткөнүн ырастаган документтин сүрөтү тарады. Шек жаратканы - анын чет өлкөгө уруксат сурабай кеткени. Анткени жооптуу кызматтагы, мамлекеттик сырларга ээ Абдыкаров сыртка чыгууда ички иштер министринен уруксат алууга тийиш экенин ИИМдин маалымат кызматы ырастады. Бүгүн ИИМден Абдыкаров эмгек өргүүсүндө экенин, үй-бүлөсү менен Түркияда эс алып жүргөнүн билдирди. Ал эми уруксат сурабаганы боюнча "чет жерге 3-июнь - дем алыш күнү кеткендиктен уруксат кагазын алууга жетишкен эмес, 12-июнда келип өзү түшүндүрүп берет" деп билдирди. Уруксаты жок чет жерге чыгууга ИИМдин ички тартиби жол бербесе, ИИМ жетекчилиги анын түшүндүрмөсүнөн мурун жазасын ойлонушу керек эле. Уруксат кагазы үчүн 1 күн күтпөй кеткенине караганда, деӊиз жээгинде эс алуунун ырахаты мыйзамды унуттуруп койгон өӊдүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан