Бишкекте кыз-келиндер митингге чыгышты

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына кыз-келиндер өз укуктарын коргоп митингге чыгышты. "Биз аялдардын укугун коргойбуз" деп аталган иш-чарага 200дөй кыз-келин жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Алар колдоруна ала качкан жигиттин колунан милиция бөлүмүндө каза болгон 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.
Митинг жыйынтыкталгандан кийин колдоруна ак лента байлаган катышуучулар Бурулайдын элесине арналган жөө жүрүшкө чыгышат.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигит 20 жаштагы кызды ала качып бара жатып Сосновка айылындагы посттон кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. Бирок ал бала кызды ошол жерден бычактап, өзүн да өлтүрүүгө аракет кылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин 20дан ашык кызматкери жумуштан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zainidin96
2018-06-09 13:46:56
Молодцы жакшы саамалык аялдардын укугун коргошубуз керек негизи кыргызстанда аялдардын укугун коргой турган мыйзам болсо жакшы болмок
+10
Daak9091
2018-06-09 14:07:03
Болдугула да эми кайра кайра митинке чыга бербей болду ал адамды мыйзам турундо иим озу жазалайт кайра кайра ар нерсени баштабай байкуш кыз да тынч жатсын анан ата энесине да кайра кайра эстетип аларды беймаза кылбай
+16
tular
2018-06-09 21:09:31
Daak9091, + басам деп адашып - басып алдым
0
iryi1
2018-06-09 14:17:58
Молодцы. Ушундай активный болуш керек. Кыргыз олкосундо ар бир адам оз оюн эркин айтканга укуктуу.
0
Djal1987
2018-06-09 20:59:14
Бесполезно карангы эркектер онолмоюнча. Жарык эркектерибиз отто аз.
+3
zevs
2018-06-09 21:22:08
bekerchilerge jumuw tabylbay ele turat owondon koro apana baryp jardam bersener jakwy bolmok
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан