Роза Отунбаева кыз-келиндердин укуктарынын тебеленип жатышына аялдардын өздөрүн да күнөөлөдү

Бишкектеги кыз-келиндер өз укуктарын коргоп чыккан митингге экс-президент Роза Отунбаева да катышууда. Экс-президент иш чарага катышып жаткандардын алдында сүйлөп жатып кыз-келиндердин укуктарынын тебеленип жатышына эркектер гана эмес, аялдар өздөрү да күнөөлүү экендигин айтты.

"Бүгүн мына жаап жаткан жамгыр Бурулай үчүн ыйланган ый. Биз ушул кыздарды ала качканыбызды токтотушубуз керек. Кыргыздын эркектери кор болгон ар бир аял үчүн күнөөлүү. Силердин айыңардан канча аял чет элде, түрмөдө жатат. Ошондой эле ала качуудагы кыздардын укугунун бузулушуна аялдардын да күнөөсү бар. "Отур, отурбасаң бактысыз болосуң" деп болбой отургузуу - аялдардын күнөөсү", - деди Отунбаева.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигит 20 жаштагы Бурулай аттуу кызды ала качып бара жатып Сосновка айылындагы посттон кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. Бирок ал бала кызды ошол жерден бычактап, өзүн да өлтүрүүгө аракет кылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин 20дан ашык кызматкери жумуштан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
iryi1
2018-06-09 14:21:30
Туура. Салт экен деп ар кайсы ырым жырымдарга ишенип озунордун укугунарды тебелетип журосунор. Ырымчыл адамга ырыс жукпайт, салтуу элден санаа кетпейт, таалайы жоктун табышмагы коп.
+21
senchi
2018-06-09 14:59:53
Жумушчуларды бошотпой ошолорду да сотко бергиле, камагыла аларды да кошуп.
+4
Ka2sr1
2018-06-09 15:03:14
Азыр эн коркунучтуу - бул кыргыз элинин исламдашып кетуусу болуп турат. Буга жол бербешибиз керек. Азыр мусулманчылык деп туруп, элибиздин башына арабтар бекем туткан мыйзам эрежелерин орнотуп жатышат. Биз билгендей арабтарда аялдын укуктары абдан тебеленген. Муну кыргыз аялдары тушунуш керек. Эгер исламдашып кетсе ошондо аялдардын эркиндиктери укуктары чектелет. Ошондуктан терен ойлонолу. Ар кандай ислам диний эрежелерди ээрчибей, тек гана адамкерчилик деген тушунуктуу бекем тутуубуз зарыл.
-8
Bazana
2018-06-09 15:28:52
Ka2sr1,туура оюна кошулуп кетем .
-6
tumann.
2018-06-09 16:05:15
Bazana,азыр оюна кошуласын.эртен тозогуна да кошуласын. кур калбайсын буйруса
+11
Bazana
2018-06-09 20:11:57
tumann.,сен барып коруп келгендей эле жазасынго
-4
Malik92
2018-06-09 16:16:23
Ka2sr1,туура,ислам динине жамынган канча канкорлор журот.Биз Исламды оз жолунда,салт санаабызды оз жолунда кармап Кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек.Чынында улгайган аялдарыбыздын да куноолору бар.Баласы келин алып келсе,кой балам мындай жоругун болбойт деп тыйыш керек.Уялбастан босогого жатып алышат кемпир олду болуп.Аларды жаштардын эртенки куну кызыктырбайт.Алар мамилеси келишип жашап кетишеби же жокпу баарыбир.Кайын журт киришет,эри "Талак"-деген соз менен кутулат.Келин кочодо кал
+11
sinej
2018-06-09 16:36:48
Malik92,
Биздин олкодо эч бир адам ар кандай диний же салттык тушунуктордун кулуна айланып калбаш керек. Ошентсе да бизде кээ бир адамдар, азыркы замандын шартына туура келбеген диний идеялогияларга батып, ар кайсы эски салттык эрежелерди пайдаланып башка адамдардын укугун тебелеп жатышаканы жакшы эмес. Ар бир адам торолгондон тартып эркин жашоого, эркин ой жугуртууго татыктуу.
+6
Dalil
2018-06-09 19:02:02
Ka2sr1, исламдан далил келтирчи аялдардын укугу чектелгенин. Эмне кылсам укугум бар деп каалаганың жасай берсек чочкодон эмне айырмабыз калат. Укугу тебеленген деп узун жабык кий дегенин айтып жатсаң керек. Сен анда үйлөнүп аялыңды жылаңач жетелеп жүрө бер. Бурулай боюнча токтой кетсек бул жерде эч кандай диндин тиешеси жок. Исламда кыз жактырбаса ата-энеси да зордоп бергени укугу жок. Сага 0,001% илешсе болду экен динчилдер артка кеткен караңгы деп эле жатып калат экенсин.
+3
JaneEr
2018-06-09 23:56:09
Ka2sr1,Ислам диндегидей аялды иштетпей
бакса жыргап калмакпызго Россияда тентибей.
Динге асылбай эле койсон.Кыргыздын эркектери слабый ошого журушот кыз-келин тентип бул жерде
дин ни причем.Эркектин жапайычылыгы эле куноолуу.
+5
Janna07
2018-06-10 00:38:30
Ka2sr1,тооба кафур окшойсун
0
tumann.
2018-06-09 16:10:22
Башынарга келуучу азаптарга ниетинер созунор да себеп болорун унутпагыла. Капыстан олум келгенде Кудайлап каласынар сонку бушайман озуно душман унутпагыла.
+6
Bekzamann
2018-06-09 16:38:59
Урматтуу супердин жамааты сиздерден сураныч Бишкектин чок ортосунан кытайга берилчуу жер боюнча маалыматтарды талкууну жабык кылбай, ачып койсонор айтылчу создор абдан коп! Менин оюм боюнча озун кыргызмын деген ар бир жаран бул нерсеге каршы болсо керек ошундуктан жерди бир жылга болсода ижарага беришпесе экен.Анда кытай шаарчасына айланып кыргыздарды кууп чыгышы 10000% анык
+12
Rubin
2018-06-09 16:57:22
Bekzamann,1000000жолу плюс коймокмун
+4
maks992
2018-06-09 18:29:32
Bekzamann,кыргызмын деп билгендер гана эмес кыргызстандык ар бир жаран деп айт Кыргызстанда канчалаган улуттар бар
+3
kanykeim
2018-06-09 16:56:44
Туура менда кошулам сиздердин оюнуздарга. Ислам дининде 4аял алганга укуктуу дешет.бирок оздору ошол динден тушунугу жок. Ушул тууралуу укугубузду коргошубуз керек
+4
zhaku2017
2018-06-09 17:26:47
Жанагы пакистан, араб кейпин кийген биздин сакалчандар мечиттерге чакырып алып элди исламдаштырып, арабташтырбай жон журушсун.
+3
pochtalyonin
2018-06-09 18:08:55
zhaku2017,алар сени чакырып эле террорист кылып салган жери жок,болгону мусулмандык парзын аткарып жатышат бай болгур
-2
kanykeim
2018-06-09 18:04:51
Баары ОЗУ Чукебизден башталды
+4
Nanei
2018-06-09 18:14:33
Бир эже айтып берди эле, мектепти буткондо эле омуру корбогон бир бала ала качып кетиптмр. Кемпир кезек,катын калач жабылышып тан аткыча жулмалашыптыр,отур эле отур деп, анан таза болбой калганда бир кемпир босогого жатып алыптыр узунунан тушуп, мени аттасан омуру бактылуу болбойсун,бактынан аттаба депчи. Анан байкуш кыз ыйлап сыктап калып калыптыр. Кийин эки балалуу болгондо ажырашып кетишиптир… анан ошол эже айтат,аттап эле кете берсем брлмок экен,куйоомон корбогон кордукдукту кордум деп
+9
maks992
2018-06-09 18:26:36
эээ койгулачы дин боюнча жашагандар бактылуу болот зато арабтарды аялы иштеп жүрбөйт эч жакта сойку болуп биринчи аларды жашоосун терең аныктап анан жазкыла аялды бош койсоң шайтанданда өткөн болот
-7
Nanei
2018-06-09 19:18:18
maks992,биздин аялдар иштебей калсынчы,жащоо токтоп калат, эркектердин кобу жалкоо,майдачыл келишетт.
+8
Nanei
2018-06-09 20:07:16
maks992,кыргыз кыздар сойку болушуна биринчи эркектер силер куноолусунор
+2
Matahara1980
2018-06-09 20:51:37
Сойкулук разврат боюнча ошо араб мамлекетери биринчи орунда турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан