Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 226 адамга ырайым кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Мирзийоев Орозо айт майрамынын урматына 226 адамга ырайым кылуу боюнча тиешелүү жарлыкка 12-июнда кол койгон. Мындай чечим Өзбекстанда биринчи жолу болуп жатат.
"Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 102 адам эркиндикке чыгарылган. 71 киши шарттуу түрдө үй камагына коё берилген. 39 соттолуучунун жазалары жеңилдетилген болсо, дагы 14 адамдын абакта жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган. Ырайым көрсөтүлгөн адамдар бир катар негиздер менен тандалган. Алар: билбестиктен кылмыш жасагандар, жасаган кылмышына өкүнүп, эми катасын оңдоо үчүн көп аракеттерди көрүп жаткандар", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, ырайым көрсөтүлгөндөрдүн ичинен 40 адам 60 жаштан ашкандар, 39у чет элдиктер, 37си аялдар, 51 адам болсо тыюу салынган уюмдарга мүчө болуп иштешкендер.