Биз социалдык тармакта

Текебаевдин жактоочуларынан экс-президенттин эсебине 21 миң сомдон алынды

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизден 21 миң сомдон алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Канатбек Азиз билдирди.

"Менин жана Таалайгүл Токтакунованын банктагы эсебинен Атамбаевдин эсебине 21 миң сомдон которулганы маалым болду. Мындан улам Атамбаевдин өкүлү айып пулду мүлктөн тартып алалы деген чечимди 9 миллион 979 миң сом эле алалы деген. Себеби Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин банктагы эсептеринен 21 миң сомдон акчаны биз которуп алдык деп кат келди. Мындан улам мүлктү тартып алуу боюнча доо арыздын өлчөмү 10 миллион эмес, 9 миллион 979 миң сом болуп калды", - дейт Канатбек Азиз.

Анын айтусуна караганда, бул маселе боюнча 18-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда дагы бир отурум болот.

Айта кетсек, 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asyl.jazi
2018-06-14 13:12:16
Не эск-президент ушунчалык ак бекен
+3
shankol88
2018-06-14 13:34:33
Эми кеткенден кийин жөнле жүрөбербейи
Күн келип кусат гоо ошондо билет аша...
+3
Jelezo
2018-06-14 13:43:11
АШАнын мыйзамга каршы иштегенин тактаса миллиард долларда жетпесе керек
+1
Totyua.71.
2018-06-15 23:47:09
Кантип уялышпай алышат?Шерменделер....!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан