Бириккен улуттар уюму Газа секторундагы кагылышта жарандарга күч колдонгону үчүн Израилди сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Башкы Ассамблея Израилди айыптаган атайын резолюция кабыл алган. Аны 120 өлкө колдоп, 8 өлкө каршы болгон. Ал эми 45 мамлекет добуш берүүдөн баш тарткан.
Айта кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бул маселени талкуулаганы айтылган.
Эске салсак, ушул жылдын март айынан бери Газа секторундагы баш аламандыктан 129 палестиналык жаран каза болгон. Алардын арасында 16 бала бар. Мындан сырткары миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алганы кабарланган.