Мексикада жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, 28 киши жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда айдоочу рулду башкара албай, автобус оодарылып, каналга түшүп кеткен. Автобустун ичинде 40 адам болгон. Каза болгондордун экөөсү жаш балдар экени айтылууда. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.