Ооганстанда болгон жардыруудан 25 адам каза болду

Ооганстанда болгон жардыруудан 25 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнда өлкөнүн Нангархар шаарында болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук тобу алды.

Эске салсак, 4-июнда Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Техникалык университеттин жанында жардыруу болуп, 14 адам каза болгон. Каза болгондордон сырткары 17 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaku2017
2018-06-17 13:51:41
Негизи бизде Сирия, Афганистанга барып келгендердин баарын озунчо кармап, сурака алыш керек. Ал жерге соо адамдар барбайт, кайра келгенде террорист - радикалдык ойлору менен келишет. Сокур динге баштары айланып, мусулмандарга болушабыз деп Сирия Афганга кеткиси келген адамдарды Кыргызстанга жолотпош керек.
-2
Dalil
2018-06-17 14:58:35
zhaku2017, сен ишенбесең динге өз жолуң менен эле жүрө бербейсинби. Биздеги дин аалымдарын Ислам мамлекети терордук уюмдун жанкечтилерине теңебе. Ал жан кечтилерди АКШ каржылайт. Алардын максаты Ислам динин жаман көрсөтүү.
+2
filis
2018-06-17 14:13:14
Азыр Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанда диний фанатизм, экстримизм, радикализм коркунучу бар. Биздин имамдар мечиттерде кооз создор аркылуу динди эле мактай берип, жаштар арасында диний фанатизмди кучотуп жатышат. Имамдардын мындай иш аракеттери акыры келип жаштар арасында динден башкасынын баарын жек коруу сезимдерин ойготуп жатат. Аягы келип динчилдердин ан сезиминде такыр башка тушунуктор пайда болот.
-4
Jelezo
2018-06-17 15:36:46
Дин аалымдары туура багыт берип башка илимдерденда кабары бар адамдар маселе айтса жакшы болоор эле, тамганы жакшы тааныбаган бирок куйма кулак сөзмөр адамдар укканын кана жаттап алып билип билбей даават кылып жүргөндөрүда толтура ошондой чала молдо дин бузат болуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан