Биз социалдык тармакта

"Ош базарына" жаңы соода объекти курулат

Бишкектеги "Ош базарына" жаңы курулуш жүргүзүү үчүн иш башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы объект буга чейин күйүп кеткен "Берекет" базарынын ордуна курулат.
"Учурда курулуш үчүн жерди даярдоо, казуу иштери башталды. Буга чейин Сейсмология институту экспертиза жүргүзүп, пайдубалдары да жарактан чыкканын аныктаган. Жаңы объект мүмкүн болушунча кыска убакыт аралыгында курулуп бүткөрүлөт. Андан кийин өрттөн жабыркаган соодагерлер орундар менен жеңилдетилген негизде камсыздалат, 6 айга чейин алар орундарга акы төлөшпөйт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкер тартылган. Алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган. Ал эми 24-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынган. Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
JOM
2018-06-18 18:30:01
ошончо элди кыйнабай эле,орттобой эле,жоон эле айтсанар болмокта,ыраззы болбогондорго жакшылаап ыраазы кылып дегендей,мейли эми кидин бизнеси болсода,ынсап берип тушкон акчасынан ,муктаждар менен болушуп турсун,бир жагынан да жакшы,соода борбору болсо таза болп да калат,заманбап болп.
+3
Dalil
2018-06-18 19:04:15
Ушундай болсо керек деп ойлогон элем. Бул оюнуңардын айынан канчасын карызга батырдыңар.
0
Дарыгер
2018-06-18 19:05:29
Мына өрттөлгөнүнүн себеби...
+2
KAYRATBEK
2018-06-18 19:49:02
Иретке келтирбесенер болбой калды бут баары советтер союз маалында курулган имараттар. Суротту карап Кыргызстан тескерисинче аркага кетип калгандай корунот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан