Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ыргал Кадыралиева маалымат жыйын берип, "депутат Сагындык Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны" деген маалымат таратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Келдибаевге байланышууга аракет кылып, анын жардамчысынан жооп алды.
Келдибаевдин жардамчысынын айтымында, Кадыралиеванын мындай кадамга барышына башка себеп бар.
"Бүгүнкү маалымат жыйында Ыргал Кадыралиева тийиштүү органдарга арыз жазып, бул маселеге чекит коём деди. Анын бул маселени кайрадан көтөрүп чыгышына себеп бар. Буга чейин Келдибаевдин иниси Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевдин камалышын талап кылып, сотко арыз берген. Келдибаев депутат болгон соң Кадыралиевди каматып салат деп чочулап жатат. Бул кара пиар катары жасалууда. Депутат Сагындык Келдибаев 2012-жылы Орусиянын жарандыгын алган. 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында жарандыгын кайра тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясына Орусиянын өкмөтү тарабынан жарандыктан чыкканын далилдеген атайын маалым кат берилген. Анда аталган өлкөнүн президентинин колу да бар", - деп айтты жардамчысы.
Кадыралиева бүгүнкү маалымат жыйында: "БШК Сагындык Келдибаевге Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү консулдугунан берилген документ менен гана мандат тапшырды. Консулдук берген документ мандат берүүгө негиз боло албайт, Кыргыз өлкөсүнүн ИИМинин атайын Жарандыкты аныктоо кызматы бар, ошол кызматтын же Орусия Федералдык миграция кызматы (ФМС) гана анын Орус жарандыгы жок экенин аныктайт", - деп айтты.
Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаевге 24-май күнү депутаттык мандат тапшырылган.