БШК: "Орусиянын миграция кызматынан депутатыбыз Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы боюнча суроо-талабыбызга жооп келе элек"

Борбордук шайлоо комиссиясы Сагындык Келдибаевге элчиликтин маалым катынын негизинде мандат берген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматовдун айтымында, Келдибаевдин жарандыгы боюнча суроо талаптар тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн, учурда жообу келе элек.

"Биз Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы боюнча суроо-талапты кошумча жолдор менен да жөнөттүк. Орусиянын биздеги элчилиги мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет, орус элчилиги "Сагындык Келдибаев 2014-жылы орус жарандыгынан баш тартып чыккан" деген чечимдин негизинде маалым катты БШКга берген, ал элчиликтин өзүнүн маалыматы эмес. Бирок биз ошого карабай Орусиянын миграция кызматына тиешелүү суроону жөнөттүк.

Мыйзамга ылайык, ар бир жаран жеке жана биометрикалык маалыматтарын өзү гана ала алат, бирок бул маселе чыккандан кийин Келдибаев бизге жеке маалыматтарын алууга уруксат берген арыз жазып берген. Биз ал арызын да кошуп Федералдык миграция кызматына суроо-талабыбызды жөнөткөнбүз", - деди Бекматов.

Айта кетсек, бүгүн, 20-июнда экс-депутат Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Орусия жараны экенин, мыйзам жол бербегенине карабай депутат болуп отурганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nargiz-sa
2018-06-20 20:32:01
Ыргал айым созсуз айтып чыгат да, себеби озун озу коргоо аракети т.а. агасынын кылыктарынын азабы да
0
jbolotov
2018-06-21 10:04:56
Кыргызстанга душмадык чыккынчылык максатта башка олкодон келген шпиондор акчанын кучу менен президент болуп алсада болгудай экен бизде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан