Фарид Ниязов кеткенден бери президенттин аппарат башчысынын орду бош турат. SUPER.KG порталынын бул кызматка татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы деген соболуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев жооп берди.
Саясий серепчинин пикиринде, президенттик аппараттын жетекчилигине таза адамды коюш өтө кыйын. "Аябай татаал суроо экен. Бул өтө жооптуу кызмат болгондон кийин президент азыр кадрларды тандап жаткан окшойт. Президенттен кийинки эсептелген бул кызматка эл ичинде аброю бар, таза жетекчи келиши керек. Бизде саясатта жүргөндөрдүн арасында бир дагы таза киши калбай калды. Азыр саясатчылардын көпчүлүгүнүн кыңыр иштери бар же жалаа жабылгандар. Президенттик аппараттын жетекчилигине таза адамды коюш өтө кыйын. Таза кишилер аз. Ошондуктан аталган кызматка кадр тандоо кыйын болуп жатса керек", - деген оюн билдирди Бакетаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Жанар Акаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Марс Сариев, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.