Текебаевдин иши каралган соттук отурумга катышкан мамлекеттик жактоочуга сөгүш жарыяланды

"Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын жактоочусу болуп мамлекеттик жактоочу Элмира Чоноева кирген. Бирок анын аркети Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы тарабынан мыйзамсыз деп табылып, ага сөгүш жарыяланды", - деп маалымдады бүгүн, 21-июнда Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова.

Анын айтымында, комиссия өкүлдөрү Чоноеваны каралып жаткан иштин материалдары, аппеляциялык арыз менен таанышкан эмес деп таап, айыпталуучунун өзүнүн макулдугусуз аны отурумда жактоо укугунан ажыратышты.

"Мындан тышкары соттун өзүнүн Чоноеваны мамлекеттик жактоочу катары чакыруу боюнча токтому жок. Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн жактоочулары бар да. Бул деген экинчи инстанциянын чечими мыйзамсыз дегенди билдирет", - деди Токтакунова.

Ошондой эле ал Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын чечими буга чейин Текебаевдин юристтери Башкы прокуратуранын анын ишин кайрадан кароодон баш тартуусу боюнча сотко жазган арызына кошула тургандыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
haydarkan
2018-06-21 22:46:24
ХХХ ХХХ Жалко чыгарбаганынар ХХХХ чыгарып койгондо элдин ишеничи Сокеге дагы да болсо артмак
+4
admin_media
2018-06-22 11:35:35
haydarkan, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
Tolkun555
2018-06-21 23:02:47
ХХХ чыкпаса деле боло берет.25 жылда эмнени жыргатты?Жапаров чыгыш керек.
-3
tnz
2018-06-22 10:11:30
Кандай болгон кундо да баары алдыда убакыт корсотот эмне болорун коробуз, бирок Толкун555 айтмакчы ХХХ 25 жылдан бери кыйратса кыйратмак туура айтат эми чыгып эмнени кыйратмак эле ХХХ
0
admin_media
2018-06-22 11:38:03
tnz,Tolkun555,кимдир-бирөөнү мазактап, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан