Бишкек шаарынан Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып, туугандары келгиче зордукталган 18 жаштагы кыз ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
"Жабырлануучу кыз ооруканадан үйүнө чыгарылганы менен стационардык дарылануусун улантып жатат. Ошондой эле психологдон дагы ар кандай жардамдарды алып жатат. Учурда жабырлануучунун укугун коргоо үчүн атайын адвокат жалдаганбыз", - дейт ал.
Эске салсак, 10-июнда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат маалымат жыйында айткан. Ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.