Канаданын премьер-министр Жастин Трюдо белекке алган көз айнегин декларациясына киргизбегендиги үчүн 100 доллар айып пул төлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Канаданын өкмөтүнүн маалымат кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Трюдого 2017-жылдын жай айында Канаданын провинциясынын башчысы 2 жуп күндөн сактоочу көз айнекти белекке берген. Анын баасы орточо 300 доллардан 500 долларга чейин жетет.
"Канаданын мыйзамына ылайык, премьер-министр 200 доллардан кымбат баадагы белек алса, 30 күндүн ичинде ал тууралуу атайын маалымат тапшырышы керек. Трюдо ошол талапты учурунда аткарган эмес. Канаданын этика боюнча көзөмөлдөөчү органы премьер-министрге мыйзамды бузганы үчүн 100 доллар айып салды", - деп айтылат маалыматта.
Канада өкмөтүнүн маалымат катчысы бул окуяда премьер-министрдин администрациянын катасы бар экенин айтып, декларация туура эмес толтурулганын билдирди.