Орусияда оорунун айынан мурдунан ажыраган бейтапка кабырга сөөктөрүнөн жаңы мурун жасашты

Орусияда оорунун айынан мурдунан ажыраган бейтапка кабырга сөөктөрүнөн жаңы мурун жасалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Краснодар аймактык онкологиялык борборунда уникалдуу операция жасалды. Анда 68 жаштагы кишинин мурдуна жара чыгып, ал залалдуу шишикке айланып кеткен. Шишикти алып салуу боюнча операция жасалгандан кийин бейтап мурдунан ажыраган.

Операциядан 6 ай өткөн соң дарыгерлер 3D-КТ-моделдөөнүн жардамы менен алгач макет түзүп, бейтаптын кабырга сөөктөрүнөн жаңы мурун жасашкан. Андан соң даяр болгон мурунду операция жолу менен бейтапка тагышкан. Операция жасалгандан бери 6 жума өткөн. Дарыгерлердин айтымында, учурда бейтаптын абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aselina87
2018-06-24 02:02:01
Superinfo Cuidogu Jany birlik aiylyndagy kichinekei nariste kyzdy mykaachykyk mn kordolgonun izildebeisinerbi.Okup alyp jurogum oorup chykty
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан