Аралда 30 жыл жашаган кишини мажбурлап адамдарга кошушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Масафуми Нагасаки Япониядагы Сотопанари аралында 1988-жылдан бери жалгыз жашап келген.
"Аралда мага керектүү нерселердин баары бар, мага башка эч нерсенин кереги жок. Мен жашоодон ушул жерден эч кимдин тынчын албай көз жумгум келет", - дейт Нагасаки.
Ал күн сайын таң эрте туруп спорт менен машыгып, андан соң пляжды тазалачу. Анын каалоосуна карабай ооруп калган 82 жаштагы карыяны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Исигаки шаарына алып келип карылар үйүнө жайгаштырышкан.
Нагасакинин аралга кеткенге чейинки жашоосу тууралуу так маалыматтар жок. Айрым аны тааныгандардын айткандарына караганда, ал сүрөтчү болуп эмгектенген, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болгон. Бир учурда ал шаардын ызы-чуусунан тажап аралга качып кеткен.
Ал эт, балык жана жумуртка жегенден баш тарткан. Мындай кадамын ал жаратылышка болгон сүйүүсү менен түшүндүргөн.
"Мен таш баканын балдары жумурткадан чыгып сууну көздөй баратканын дайыма карап отурчумун. Дал ушул мезгилде мен жашоо кандай керемет экенин түшүнөм", - деп билдирген Нагасаки.