"Жансыз денеси Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан табылган сиңдимди ким өлтүргөнү белгисиз болуп жатат, ал тургай шектүү да аныктала элек", - деп билдирди маркумдун эжеси Шаадат Меңдибаева SUPER.KG порталына.
Аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү медициналык экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болгон. Анын баш сөөгүндөгү оң каракуш чыкый бөлүгү урулуп айрылган, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн тактары бар, моюнунун үстүңкү жана ортоңку бөлүгү жип менен муунтулган, моюнунун бешинчи жана алтынчы омуртка сөөктөрү сынган. Ошондой эле жүлүн мээнин, баш мээнин жабык түрдөгү жаракаты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан уюганы аныкталгандыгы буга чейин маалымдалган.
Меңдибаева окуя тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
"Каргаша болгон 17-май күнү мурап болуп иштеген күйөө балам жумушта экен. Ал бир сутка иштейт, түнкү нөөмөттө калган. Сиңдим мага чалып "Эртең орозо кармабайбыз, 300 сомдон эгин талаага иштегенге төлөп жатыптыр, кызым экөөбүз барып иштейбиз" деген эле. Ошол биздин акыркы жолу сүйлөшүүбүз болду.
Эртеси мага чалышып сиңдиңиз ооруп жатат деп чакырышты, келсем каналдан жансыз денеси табылганын айтышты. Биз аны соттук-медициналык экспертизага бердик, жыйынтыгында сиңдимдин киши колдуу болуп каза болгонун билдик. Биздин милиция кызматкерлерине дообуз жок, бизге абдан жакшы көңүл бөлүп иштеп жатышат, бирок ушул кезге чейин сиңдимди ким өлтүргөнүнө илинчек табылбай жатат.
Ошол түнү ал уулу менен тапчанда жаткан экен, уулу эртең менен туруп караса апасы жок, күйөөсү келип аялым эгин талаага жумушка кеткен деп ойлоптур. Бирок сөөгү каналдан табылганын кабарлап чалышыптыр", - деди Меңдибаева.
Ошондой эле ал маркумдун ата-энесинин абалы аянычтуу экенин кошумчалап, алар үчүн болсо да сиңдисинин кырчындай өмүрүн кыйган адамды тапмайынча аракетин токтотпой тургандыгын белгиледи. Айтымында, өзү ата-энесинин үйүнө бара албай жатат, барса алардын "кызыбызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө эмне себеп бар эле, эң шайыр кызыбызга ким мынчалык кас болду" деп кейип, көз жашын төккөнүн көрөт. Ата-энемдин мындай кыйналганын карап туруу оңой эмес дейт ал.
"Ооба, сиңдимди жерге берген күнү кудагый, күйөө балам менен пикир келишпестиктер болуп кетти. Кылмышкерди табууга биз эле кызыкдар болуп жатабыз. Күйөө балам да күнөөлүүнү табышууга кызыкдар болсо дейбиз. Сиңдимдин 5 баласы бар, улуусу 17де, кичүүсү 6 жашта.
Эми ар бир эле үй-бүлөдө көйгөйлөр болот, булардын үй-бүлөсү турмуш-тиричиликтен кыйналып жүрүшчү. Күйөө баламдын ата-энеси салып берген үйдүн бир бөлмөсүндө жашашчу. Дагы бир бөлмөсүндө өзүнүн кайын сиңдиси менен анын күйөөсү жашаган.
Сиңдим тирүү кезинде күйөө баламдын анча-мынча уруп, сабап койгонун байкачумун, бирок өзү бул тууралуу такыр айтып берген эмес. Үстүндөгү маңдайкы тиши жок эле, ошону сураганымда күйөө балаңыз уруп түшүрүп койду деген. Ал каза болгондон кийин териштирип уксам экөөнүн ортосунда аялын сабоо менен аяктаган чыр-чатактар көп эле болгон экен. Бирок сиңдим "мен күйөөмдү сүйөм, анын бардык мамилесине кайылмын" деп айтчу. Булардын баары өмүр менен ажалдын жанында кеп эмес, негизгиси биз биргеликте милицияга кылмышкерди табышууга көмөктөшөлү деген тилек", - дейт маркумдун эжеси.
Ал эми маркумдун күйөөсү Мирланбек Арзыбаевге байланышканыбызда кайнежесинин айткандарын четке кагып, жубайын өлтүргөн адамды табууга кызыкдар экенин белгиледи.
"Менин да башым катты, ким өлтүрүшү мүмкүн деп. Биздин айылда душманыбыз жок, аялым бирөө менен урушуп, кас боло турган адамдардан эмес болчу, ачык, шайыр мүнөз жан эле. Эч кимден карызыбыз жок болчу, мындан улам бирөө өлтүргөн дегенге ишенбей "капысынан каналга түшүп кетиши мүмкүн" деп айткам, аны эжелери мени экспертизага ишенбей жатат, өлтүргөн адамды табууга кызыкдар эмес деп түшүнүштү окшойт. Милиция иштеп жатат, мен өз алдымча эмне кыла алмак элем.
Аялым экөөбүз 18 жыл бактылуу жашадык, бири-бирибизге эч кандай нааразычылык жок. Экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Беш балам менен калдым, аларды өзүм багам, эч кимге ишенбейм, эч кимге бербейм", - дейт Арзыбаев.