Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан жансыз денеси табылган аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Буга чейин аталган аймактан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси каналдан табылганы маалымдалган эле. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.
"Маркум Н.А.нын баш сөөгүндөгү оң каракуш чыкый бөлүгү урулуп айрылган, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн тактары бар, моюнунун үстүңкү жана ортоңку бөлүгү жип менен муунтулган, моюнунун бешинчи жана алтынчы омуртка сөөктөрү сынган. Ошондой эле жүлүн мээнин, баш мээнин жабык түрдөгү жаракаты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан уюганы аныкталган.
Бул жагдай боюнча 18-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.