Жыл сайын Кытайдын күрүч талаалары көптөгөн туристтердин көңүлүн өзүнө бурат. Анткени күрүч талааларынан чоң масштабдагы сүрөттөрдү байкоого болот. Анда мифологиялык, тарыхый каармандардын сүрөттөрү түшүрүлөт.
Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгү - алардын "күрүчтөн" өстүрүлгөндүгүндө.
Мындан 20 жыл мурун Кытайдын Ляонин провинциясынын бийлик өкүлдөрү туристтерди тартуунун жаңы жолун ойлоп табышкан. Кылымдардан бери күрүч өстүрүү менен алектенип келе жаткан жергиликтүү дыйкандар ар түрдүү сортторду, белгилүү ырааттуулук менен айдай башташкан.
Күрүчтүн өсүшү менен талаа бетинде сүрөт пайда болчу. Ал сүрөттү бийиктен көрүүгө мүмкүн болгон. Туристтерге бул ленд-арт аябагандай жагып, мындай чыгармачылык үчүн өзүнчө аянты 10 гектар болгон Шеньян тематикалык сейил багы ачылган.
Жыл өткөн сайын сүрөттөрдүн саны жана масштабы өсүп келет.
Ландшафттык дизайнерлер күрүчтүн төрттөн ашык түрүн колдонушат. Күрүчтөрдү белгилүү бир убакта айдоого туура келет. Анткени күрүчтөрдүн сабагынын узундугу ар кандай болуусу зарыл.