Райондук сот Текебаевдин жактоочуларынын ишин кайра кароодон баш тартты

Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн Октябрь райондук сотуна кайрылышкан, бирок сот кайра кароого негиз жок экенин билдирип, бүгүн, 26-июнда арызды кароодон баш тартты.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпка жыгылган жактоочулар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз ишти кайра башынан кароо боюнча 15-майда Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлкүн камакка алган. Камакка алынган мүлкүнүн ичинде автоунаа, батир жана жер тилкеси бар.

2017-жылдын 1-март күнү Токтакунова жана Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп аталган жактоочуларды сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ermekbai
2018-06-26 19:24:31
Текебаевдин жактоочулары азамат экен чарчабай иштеп жатышат. Бул киши бир нерсе болуп чыгып кетсе эч кимди аябайтго.
+3
Bazake
2018-06-26 21:04:02
Туура чечим мыйамдуулук эми орной баштады. Текебаев Маевскийден 1 млн долларды пара катары алган. Ал далилденген
-6
bekmirzach
2018-06-27 09:28:35
Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, президент С.Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат. Азыр соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат. А.Атамбаевдин убагында бир топ саясатчыларга саясий куугунтук болуп, саясий жагдайдан улам соттолгону бул факт.


0
tnz
2018-06-27 10:16:10
Туура Чечим ошондой кылыш керек.
-1
Jelezo
2018-06-27 14:24:04
Күнөөсүн далилдебей сотто чоң күнө ушул сотторду Алла жазасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан