Японияда интернет-троллинг жөнүндө лекция окуган блоггерди онлайн-тролль өлтүрүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Япониянын Фукуока шаарында белгилүү блоггер Hagex аты менен таанымал болгон Кенитиро Окамото өлтүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, Окамото конференцияда интернет-троллинг жөнүндө лекция окуган. Андан соң 41 жаштагы блоггер дааратканага барганда белгисиз адам кол салып бир нече жолу бычак менен сайып кеткен. Кийинки күнү кылмышкер өзү полицияга келген. Ал 42 жаштагы Хидемицу Мацумото болуп чыккан. Анын айтымында, ал Окамото менен тааныш эмес болчу, бирок экөө интернет аркылуу уруша кетишкен.
Окуя болгонго чейин белгилүү блоггердин чыныгы аты-жөнүн эч ким билчү эмес. Hagex өзүнүн блогунда интернеттеги кемсинтүү, коркутуу тууралуу жазган. Ал дайыма өзүнө келген билдирүүлөрдү жарыялап аларды мисал кылган. Ал билдирүүлөрдүн арасында Мацумотонун да билдирүүлөрү болгон. Кылмышкер дайыма интернеттеги атын алмаштырып ар кандай сын көз караштагы билдирүүлөрдү жазып турган.