Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: Франциялык хирург, биолог, "Нобель" сыйлыгынын ээси Алексис Каррель туулган

Мындан 145 жыл мурун франциялык хирург, биолог Алексис Каррель 1873-жылы 28-июнда Франциянын Сент-Фуа-ле-Лион шаарында туулган. Лион университетинин медициналык факультетин бүткөндөн кийин, 1900-жылы медицина илимдеринин доктору наамын алган. Ал 1900-жылдан 1902-жылга чейин ошол эле университетте мугалим болуп иштеген. 1904-жылы Канадага, андан кийин АКШга барып Чикаго университетинин алдындагы физиологиялык институттун ассистенти болгон. Каррель 1906-жылы Симона Флекснеранын чакыруусу менен Рокфеллеровск институтунун кеңешинин мүчөсү болуп ишке кирген.

Алексис Каррель 1912-жылы кан тамырларды тигүүнүн ыкмасын ойлоп тапкандыгы үчүн “Нобель” сыйлыгына ээ болгон. 1924-1927-жылдары СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланган. 1938-жылы Алексис Каррель "Эмгек сиңирген профессор" наамын алгандан кийин Рокфеллеровск университетинен бошогон. Каррель 1944-жылы 5-ноябрда Франциянын Париж шаарында көз жумган.

Белгилүү цитаталары:

  • Ар бир адамдын эч кимдикине окшобогон тагдыры бар;
  • Ар бир илимпоздун чоң билимге жана талантка ээ болуусунун бир жолу бар - ал окумуштуулардын санын азайтуу;
  • Адам кыйынчылык көрмөйүнчө эч нерсе өзгөртө албайт, ал скульптор сыяктуу өз пайдубалын мрамордон кура алат.

28-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан