Түркиянын Мармарис шаарындагы отелдин жетекчилиги эс алуучу кыздан купальникчен түшкөн сүрөтүн социалдык баракчасынан алып салууну талап кылды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бул талап кыз сүрөтүн жүктөп жатканда өзү жаткан ошол отелди геотег катары көрсөткөнү менен байланыштуу болгон.
Орусиялык турист Анастасия Монстовичге отель кызматкерлери өздөрүнүн мындай чечимин ислам өлкөлөрүнөн келе турган коноктордун көз карашына туура келбей тургандыгы менен, алар мындай жайга келбей коюусу мүмкүн экендиги менен түшүндүргөн.
"Түрк басылмалары бул отелдин эрежелерине ылайык, жабык кийимчен гана сүрөткө түшүүгө уруксат берилгенин жазышууда. Өз кезинде мен отелдин эрежелери менен алдын ала таанышкам, бирок андай тыюуларды көргөн эмесмин.
Алдын ала интернеттен отель жөнүндө окуганымда "пляжда купальник менен жүрүүгө тыюу салынат", "купальник менен сүрөткө түшүүгө болбойт" деген билдирүүлөрдү калтырышканын окугам. Бирок отелдин кабыл алуу бөлүмү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө андай эрежелер жок экенин, ар ким каалагандай эс ала турганын билдиришкен. Болгону спирттик ичимдиктерди ичүүгө болбой тургандыгын айтышкан", - деген Анастасия.
Жыйынтыгында Анастасия сүрөттү өчүрүүдөн баш тарткан. Буга отелдин жетекчилиги анын аты-жөнү отелдин "кара тизмесине" киргизилгенин, мындан кийин аны кабыл ала албай тургандыгын билдирген. Өз кезинде эс алып жаткан кыз бул эс алуучу жайга 2-ирет келбей турганын айткан.