ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: Америкалык ойлоп табуучу Илон Маск 47 жашка чыкты

Бул күнү мындан 47 жыл мурун америкалык ойлоп табуучу Илон Маск Түштүк Африка Республикасындагы Претория шаарында төрөлгөн. Атасы Эррол Маск инженер, апасы Мэй Маск белгилүү "Тime" журналынын модели болгон.
Келечектеги гений мектеп жашында китеп окуганга абдан кызыккан. Өзүнүн сүйүктүү эки энциклопедиясын жатка билген. Бирок мектепте өтө түнт болуп, өзү теңдүү балдарга кошула алган эмес, ошол себептүү өзүн мектепке кыйнап барчу. Анткени ата-энеси бир жерден экинчи жерге тез-тез көчө беришкен. Ата-энеси ажырашып кетип, Илон атасы Эрролду тандаган.
10 жашында Илон белекке Commodore VIC-20 компьютерин алып, андан программалоону үйрөнө баштаган.
Илон 12 жашында Space Invaders стилиндеги Blastar деп аталган видеооюн түрүндөгү алгачкы программасын ойлоп таап, аны 500 долларга саткан. Өспүрүм сатыктан түшкөн каражатты фармацевтикалык компаниянын акциясына короткон. Бул анын келечекте Канададагы окуусуна инвестиция болгон. Кийинчерээк Пенсильваниядагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөн.
Келечектеги ойлоп табуучу 23 жашында "Zip 2" (маалыматтарды камсыздоо программалары менен иштечү) аталышындагы 308 миллион долларга бааланган компанияны негиздеген. Канадада окуп жүрүп 2000-жылы Жастин аттуу кызга үйлөнөт, алардын ортосунда 5 баласы бар. 2008-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Экинчи жолу 2010-жылы британиялык актриса Талула Райлиге үйлөнгөн, бирок 2016-жылы эки айрылыш жолго түшүшкөн.
Кызыкканы:
* Масктын Чехословакияда жасалган Aero L-39 Albatros үлгүсүндөгү учагы болгон.
* Кийин ал популярдуу "Тамеки үчүн рахмат" тасмасында тартылган Dassault Falcon 900 үлгүсүндөгү реактивдүү учакты сатып алган.
* 1999-жылы Zip 2 программасы сатылганда McLaren F1 үлгүсүндөгү супер унааны сатып алган.
* 2013-жылы октябрда аукционго коюлган 1977-жылы "Мени сүйгөн тыңчы" аталышындагы Жеймс Бонд жөнүндөгү тасмада тартылган суу алдында жүрүүчү Wet Nellie супер унаасын 997 миң долларга сатып алып өз коллекциясына кошкон.
* Космосту багынтуучулардын жарышында 15 миң катышуучунун арасынан миллиардер Ричард Брэнсон менен биринчиликти талашып алдыңкы катарда.
Саясатта

2016-жылы декабрда Маск америкалык 16 ишкердин катарында Американын 45-президенти Дональд Трамптын президенттик форумуна кеңешчи болуп кирет. Бирок 2017-жылы Трамптын "Франция келишиминен" АКШны чыгаруу чечимине байланыштуу кеңешчиликтен баш тарткан. Ошондой эле ал Дональд Трампты "бул орунга татыксыз" деп эсептеген.

Карьераcы

1996-1997-жылдары Маск бир тууганы менен бирге жаңылык таратуучу компанияларды камсыз кылуучу программага адистештирилген Zip2 компаниясын негиздеген.

X.com жана PayPal компаниялары

1999-жылы март айында "X.com`ду" негиздеген. Ошол эле учурда "X.com" PayPal деген бөлүмү бар "Confinity" компаниясы менен чогуу иштеп, электрондук түрдө акча которууларды камсыздап турушкан. Бирок ички пикир келишпестиктерден улам Маск компаниядан кетүүгө аргасыз болот. Бирок кийин эки компания бириктирилип, аты "PayPal" аталган. 2002-жылы аталган компания сатылганда 11,7 пайыздык Масктын акциясы 180 миллион долларды түзгөн.

SpaceX

2002-жылы май айында Маск өзүнүн үчүнчү компаниясы - "SpaceX`ти" негиздеген. Ал бул жолу космостук ракеталар жана спутниктер менен иштей баштаган.

2008-жылы НАСА менен келишим түзүп, космостук кемелерин 1,6 миллиард долларга баалашкан.

2016-жылы Гонконгдо өткөн форумда Маск 2020-2025-жылдары Марс планетасына учууну көздөп жатканын билдирген. 2017-жылы сентябрда социалдык тармактарга тараткан видеосунда "SpaceX" компаниясынын космостук кемелерин жана ракеталарын дүйнө жүзүндө учактын ордуна колдонсо боло турганын айткан. Учурда дүйнө жүзүн акысыз wi-fi менен камсыздоонун үстүндө иштеп жаткан кези.

28-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан