Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн 7 миллион сомдук доо арыз жазылды

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиева жалган маалымат таратты деп 7 миллион сомдук доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу 28-июнда SUPER.KG порталына Келдибаевдин кабылдамасынан билдирди.

Сотко кайрылганы боюнча, эл өкүлүнүн билдирүүсү:

"Мен жүз миңдеген Кыргыз жарандары сыяктуу эле Орусияда мигрант болуп иштеп, өз убагында жарандык алып, ак эмгегим аркылуу Кыргыз мамлекетинде жумуш орундарын камсыздаган ишкермин. Өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө катышуу алдында мыйзамга ылайык, Орус жарандыгын тапшырганымды Орусиянын тиешелүү кызматтары тастыктады. Борбордук шайлоо комиссиясы да менин жарандыгым боюнча маселе жок экендигин расмий билдирди. Ыргал Кадыралиева менин үстүмдөн коомчулукка жалган маалымат таратканы үчүн Ленин райондук сотуна арыз жаздым. Ал чагымчылдыгы үчүн сөзсүз жооп бериши керек", - деп айтылат.

Эске салсак, 20-июнда экс-депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйын өткөрүп, Келдибаевдин кош жарандуулугу бар жана кызматынан пайдаланып жеке маселесин көтөрүү менен сотторго басым жасап жатат деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан