Элестетип көрүңүз, "Apple" компаниясы дүйнөгө айфондун 14 үлгүсүн сунуштаган болсо, дагы Plus үлгүлөрүн кошкондо жалпы 18 гаджет чыгарган. Ар бир үлгү өзүнчө уникалдуулугу менен эсте калган.
1. iPhone (2007)Эң биринчи айфондун үлгүсү 2007-жылы сатыкка чыгып, улам кийинки үлгүлөрү андан ары өнүктүрүлүп отурган.
Алгачкы үлгүсү жөнөкөйлүгү, сенсордук башкаруусу, кинетикалык жылдыруусу менен башка смартфондордон айырмаланган.
2. iPhone 3G (2008)Биринчи айфондун сатыкка чыгуусунан бир жылдан кийин коом күтүп калган айфондун экинчи үлгүсү чыкты. Бул жолу үлгүнүн дизайны жана корпусунун материалы (темирден пластикке алмаштырылган) өзгөргөн.
2008-жылы чыккан айфон уюлдук байланыштын жаңы стандарты 3G`нын жана App Store дүкөндөрүнүн пайда болушу менен эсте калган. Ак жана кара түстө гана чыгарылган.
3. iPhone 3GS (2009)Үчүнчү үлгүсү көп убакытка колдонууга пландалып, камерасында автофокустун жана үн башкаруу функциясынын пайда болушу менен эсте калган.
4. iPhone 4 (2010)Көпчүлүк колдонуучулар iPhone 4/4s`тин дизайнын айфондор тарыхында мыкты деп эсептешет. Себеби дизайнерлер биринчи жолу металл менен пластикти айкалыштыра колдонгон. Алдыңкы камера менен сүрөткө тартып, видеочалуу аткарганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул менен бирге смартфондор үчүн алгачкы "бампер" (каптама) аталган аксессуар колдонула баштаган.
5. iPhone 4s (2011)Бул iPhone Стив Жобстун тирүү кезиндеги чыгарылган акыркы үлгү болуп, аны коомчулукка биринчи жолу Тим Кук тааныштырган. Аталган үлгүнүн эң башкы өзгөчөлүктөрү катары - Wi-Fi тарата алуусу, AirPlay жана Siri ассистенти эсептелген.
6. iPhone 5 (2012)Өз учурунда бул үлгү EarPods гарнитурасын камтып, өтө жаңыча жасалган смартфон саналган. Колдонуучулардын эсинде корпусунун тез жарактан чыгуусу менен калган.
7. iPhone 5s (2013)
Дагы бир белгилүү үлгүсү Touch ID`нин (бармак издеринин сканерлөө) пайда болуусу менен сатыкка чыккан. Бул гаджетти колдонуудагы ыңгайлуулук жаңы баскычка көтөрүлгөн, колдонуудагы маалыматты коргоо үчүн жайгаштырылган бөгөттөө (блокировка) функциясы айрымдар үчүн жакшы жаңылык болсо, кээ бирлер сыр сөзүн унутуп калууга жетишкен. Айфондун ушул үлгүсү алтындан жасалып чыккан.
8. iPhone 5с (2013)2013-жылы "Apple" биринчи жолу бир мезгилде эки айфонду сатыкка чыгарган. Алар бир учурда чыкканына карабай түзүлүшү, корпусу, дисплейи эки башка жасалган.
Айфон 5с жасалгасы өтө жөнөкөй болгондуктан аны кедейлер үчүн чыгарылган деп сындагандар да болгон. Корпусу түрдүү түстөгү пластмассадан жасалган.
9. iPhone 6/6 Plus (2014)
2014-жылы 5.5 дюймдук дисплейи менен Apple`дин тарыхындагы корпусу эң ичке жана ийилчээк заманбап гаджет жасалды.
10. iPhone 6s/6s Plus (2015)Ошентип жаңы техникалык колдоо менен жасалган 6-айфон чыкты. 3D Touch коргоочу жаңыланган функциясы менен биринчи жолу "кызгылт алтын түстүү" iPhone жарыкка чыккан.
11. iPhone SE (2016)Таң каларлык iPhone сатыкка 3 жыл мурун чыкты. Түзүлүшү жөнөкөй: 2012-жылкы дизайн жана 4 дюймдук дисплейи менен суроо-талаптарга ылайык жасалган.
Айфондун 12-үлгүсүнүн дизайнындагы өзгөрүүлөр колдонуучулары күткөндөй болгон жок. Бул ирет өзгөчөлүгү сууга туруктуулугу жана айфондор тизмегиндеги гаджеттердин эң көлөмдүүсү болуп саналат. Буга чейинки күмүш, алтын, кызгылт алтын түстөргө кара жана кызыл түс кошулду.
2017-жылы айфондун дизайны мурункудай, болгону арткы панели металлдын ордуна айнектен жасалган үлгүсү чыкты.
14. iPhone X (2017)10 жылдык тарыхында өнүгүүнүн жаңы деңгээли жаңы дизайн, жаңы өлчөм, жаңы экран жана колдонууга ыңгайлуу жаңы систем менен камсыз болду.