Уэльстин сүйүктүү ханбийкеси же леди Диана 1961-жылы 1-юлда Англияда граф Жон Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Диана Френсис Спенсер. Диана алты жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы экөө атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган.Ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан.
Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүр менен кош айтышкан. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келе баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен.
1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2,5 миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортхэмптонширге коюлган.
1-июлдун жылнаамасы.