Японияда ракета учурулганына бир нече секунд болбой жатып жарылып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, ракета жеке менчик компанияга тиешелүү болгон.
Жарылуудан соң ошол аймак алаамат өрткө айланган. Өрт өчүрүү кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында тилсиз жоо өчүрүлүп, жабыркагандар болбогону айтылат.
Япон маалыматтарынын жазганына таянсак, өткөн жылы да менчик компанияда жасалган ракета учурулуп, натыйжасы ийгиликсиз аяктаган. Анткени ал учурулар замат Тынч океандан жарылып кеткен.