Жалал-Абад облусунда унаасы менен чыгып кеткен эки жарандын биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургундары 23 жаштагы Э.Т. жана 1997-жылы туулган М.Т. Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. 25-июнь күнү Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен жогорудагы жарандардын документтери жана өздүк буюмдары табылган. 1-июль күнү издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00дө 21 жаштагы М.Т. аттуу жарандын жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи жаранды издөө иштери бүгүн, 2-июль күнү улантылат.
Издөө иштерине ӨКМнын 17 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 19 адам тартылган.