АКШда сүрөт тарта албаган айым социалдык тармактын жылдызына айланды

АКШда сүрөт тарта албаган айым социалдык тармактын жылдызына айланды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, интернет желесинде "lovingkiaraa" деген ниги менен катталган колдонуучу өзүнүн катталуучуларына сунуш жасаган. Анда ал катталуучуларга алардын портретин тартып берем деп, андан кийин өзүнүн портретин мультфильмдеги каармандарга окшоштуруп, ар кандай ракурста тартып, баракчасына жүктөгөн. Анын сүрөтүн көргөндөр жакшы тартат экен деп, ага өздөрүнүн сүрөтүн тарттыра баштаган. Сүрөт тартып бермекчимин деген айым каалоочулардын сүрөттөрүн тартууга дароо киришип, жыйынтыгын өзүнүн баракчасына жүктөгөн. Бирок сүрөттөрдү көргөндөрдүн бардыгы таң калгандарын жашырган эмес.

Көрсө, өзүн сүрөтчүмүн деп тааныштырган айым такыр эле сүрөт тарта албайт тура. Ал таланты жок экенин, сүрөт тарта албай турганын бир нече убакыттан кийин билдирип, анын портретин мультфильмдеги каармандарга окшоштуруп тартып берген чыныгы сүрөтчүгө шилтеме калтырган. Ал мындай иш-аракети менен баракчасына катталгандардын санын көбөйтүүнү жана "жакты" белгисин топтоону каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asil-08
2018-07-03 10:52:59
Тобаа кылаарга иши жок окшойт бул айымдын. Бирок тарткан сүрөттөрү кулкулу экен менин садике барган кызым да ушундай сүрөт тартат.
+3
aksy94
2018-07-03 12:06:21
Ха хаго
+2
barsa30
2018-07-03 15:37:12
Жакшы азамат секиндеп уйронотда.
+2
Pandora
2018-07-03 15:57:50
Адамдвр интернет жылдызы болом деп ойго келбеген жорук жасап,олуп да калып жатышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан