Казакстандын туңгуч президенти, "Улуттун лидери" Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Иш жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.
1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, Нурсултан Назарбаев 80% добуш менен жети жылга өлкө башчысы болуп шайланган.

2005-жылы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Назарбаев 91,15% добуш алып, кайрадан өз ордунда калган.
2011-жылы 3-апрелде шашылыш түрдө өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Назарбаев 95,5% добуш менен төртүнчү ирет 2016-жылга чейинки мөөнөткө шайланган.
Ал эми 2015-жылы 26-апрелде Казакстанда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Нурсултан Назарбаев 97 пайыз добушка ээ болуп, президенттик ордун сактап калган.
Нурсултан Назарбаев жубайы Сара Назарбаевага 1962-жылы баш кошкон. 56 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келе жатышкан жубайлардын ортосунда 3 кызы бар.