ЖЫЛНААМА, 10-ИЮЛЬ: Белгилүү акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматов арабызда болгондо 67 жашка чыкмак

Акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматов көзү тирүү болгондо 67 жашка толмок. Ал 1951-жылы 10-июлда Кадамжай районундагы Пум айылында туулган.

Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Эгемберди Эрматов 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган. Анын “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка ырларына обон чыгарылып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Ал 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылдан 2016-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген.

Акын 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген. 2017-жылдын январь айында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

10-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан